К. Токаев жана FCI башчысы казак ит тукумдарынын келечегин талкуулашты

К. Токаев жана FCI башчысы казак ит тукумдарынын келечегин талкуулашты

Касым-Жомарт Токаев Эл аралык кинология федерациянын президенти Тамаш Яккелди кабыл алды. Жолугушууда казак иттеринин тукумдарын сактоо жана туруктуу генетикалык фонд түзүү жаатындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Системалуу иштин натыйжасында учурда Казакстандын кинологдор союзунун Бирдиктүү асыл тукум иттер китебинде 4 миңге жакын тайган катталган. Тиешелүү мыйзам актылары кабыл алынды. Жакында Жетису аймагында ит багуучуларды илимий жана кинологиялык колдоо боюнча улуттук борбор ачылат. Ушул жылдан баштап өлкөдө аяк оона айынын 3дө тайгандар жана дөбөт күнү белгиленет. Өз кезегинде Тамаш Яккель казак ит породаларын сактоого өзгөчө камкордугу үчүн мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун аягында Касым-Жомарт Токаев Тамаш Яккелди 2-даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.

Тамаш Яккел, Эл аралык кинология федерациясынын президенти:

– Мен Казакстандын кинологиялык биримдигинин ишин жогору бааладым — бул жаш, амбициялуу команда, буга чейин олуттуу натыйжаларга жетишкен. Атап айтканда, алар казак тайган тукумун эл аралык деңгээлде жайылтууга жардам беришти. Президент чоң кызыгуу көрсөттү — ал тургай белгилүү бир иттерди билет жана алардын аттарын атап өттү. Биз тайган тукумунун толук таанылуусу үчүн эмнелер зарыл экенин талкууладык. Бул үчүн дагы сегиз жылга жакын убакыт жана иш талап кылынат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков