Казакстанда жалган
куран айынын 15де жаңы Конституциянын долбоору боюнча республикалык референдум
өтөт. Серепчилер белгилегендей, Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр өлкөнүн өнүгүүсүнүн,
анын тышкы жана ички саясатынын стратегиялык багыттарын бекитүүгө багытталган.
Атап айтканда, документте Казакстандын тынчтык жолу менен өнүгүү жана бардык
мамлекеттер менен өз ара пайдалуу негизде кызматташууну кеңейтүү курсу
чагылдырылган. Баш мыйзамдын долбоорунда өлкөнүн дипломатиялык механизмдерге
жана эл аралык диалогго берилгендиги баса белгиленет. Конституциялык реформа
боюнча комиссиянын курамында демилгелерди иштеп чыгууга жана талкуулоого
катышкан сенатор Нурлан Бекназаровдун айтымында, өзгөртүүлөрдүн өзүнчө блогу
экономикалык туруктуулукту күчөтүүгө багытталган. Улуттук валютанын – теңгенин макамы, ошондой эле Улуттук
банктын аны эмиссиялоо укугу конституциялык деңгээлде бекитилет. Мындай жоболор
каржы системасынын институционалдык кепилдиктерин күчөтөт жана инвесторлор үчүн
алдын ала болжолдоого мүмкүн болгон чөйрөнү түзөт. Жалпысынан алганда, жаңы
Конституция Казакстандын инвестициялык саясатын жана экономикалык өнүгүүсүн
мындан ары өркүндөтүү үчүн укуктук негиз болушу керек.
Нурлан Бекназаров,
Парламент Сенатынын депутаты:
– Бул Конституциябыздын
жана анын принциптеринин негизинде дүйнөлүк аренада ири мамлекеттер менен тең
укуктуу мамилелерди куруу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Жалпысынан
алганда, мунун баары биздин өлкөнүн ички жана тышкы туруктуулугун камсыз
кылууга багытталган. Дал ушундай позицияны мамлекетибиздин башчысы билдирүүдө.
Бул багытта Конституцияны жалпысынан өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү
стратегиялык документи болуп саналган масштабдуу документ катары кароого болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

