Франциянын президенти Эммануэль Макрон расмий иш сапары менен Казакстанга келди. Жогорку даражалуу мейманды борбор калаанын аэропортунан өлкөнүн Премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды. Эскерте кетсек, бүгүн эки өлкөнүн лидерлери Касым-Жомарт Токаев менен Эммануэль Макрон соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелерди талкуулашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков