Казакстан жана Оман: Кызматташтыктын жаңы этабы

Казакстан жана Оман: Кызматташтыктын жаңы этабы

Казакстан менен Оман кызматташтыктын оң динамикасын көрсөтүүдө. Бул араб мамлекетинен республикага инвестициясы 260 миллион доллардан ашты, соода алмашуунун өсүшү да белгиленди. Бирок, дарамет бүгүнкү көрсөткүчтөрдөн алда канча кенен. Өлкөлөрдүн бири-бирине сунуш кыла турган нерселери бар. Айрыкча, Омандын Перс булуңундагы стратегиялык жайгашуусун эске алганда, транспорттук-логистикалык тармакта. Бул жердеги деңиз порттору аркылуу Африка, Европа жана Азиянын ортосунда байланыш жүргүзүлөт. Бул казакстандык товарлардын жаңы рынокторго чыгуусуна жардам бере алат. Мындай маселелер тараптардын өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйынында талкууланат, аны жакынкы аралыкта Маскатта өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алибек Куантыров Астанада Оман султандыгынын Улуттук күнүн майрамдоо учурунда билдирди. Өлкөнүн элчиси Мухаммад аль-Бахранинин айтымында, эки тараптуу диалогдогу активдүүлүк акыркы эки жылда байкалаарлык түрдө күчөдү. Учурда биргелешкен казак-оман инвестициялык фондун түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ал эми Алматы-Маскат түз каттамы жана 30 күнгө өз ара визасыз режим ишкердик жана туристтик байланыштарды шыктандырууда.

Мухаммад Аль-Бахрани, Оман султанатынын элчиси:

- Эки тараптуу байланыштардын өнүгүшү биздин мамлекеттердин жетекчилигинин – Президент Касым-Жомарт Токаевдин жана Улуу Даражалуу Султан Хейсам бен Тарик аль Саиддин жалпы көз карашын жана саясий эркинин чагылдырат. Өнөктөштүктү эң жогорку деңгээлде бекемдөөгө терең өз ара кызыкчылык бар жана биз анын келечеги кең экенине ишенебиз. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду, бул ишкердик байланыштарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Кызматташтык чөйрөсү келечектүү багыттардын кеңири чөйрөсүн, жасалма интеллект технологияларынан жана киберкоопсуздуктан баштап өз ара сооданы кеңейтүүгө чейин камтыйт.

Алибек Куантыров, Тимнин орун басары:

- Перс булуңунда байланыштарды өнүктүрүү жөнүндө сөз кылсак, албетте, Оман - бул башка өлкөлөр менен бирге толук ачыла элек нишалардын бири, анткени аларда бир нече иштеп жаткан порттор бар. Азыр биз мунун баарын активдүү изилдеп жатабыз, мен жогоруда белгилегендей биринчи өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынтыгы боюнча биринчи натыйжалар болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков