Казакстан менен Өзбекстандын экономикалык кызматташтыгы
тереңдей түштү. Касым-Жомарт Токаевдин Ташкентке мамлекеттик сапары учурунда
тараптар бир катар келишим түздү. Мисалы, өлкөлөр чет жакта IT-кластерлерди
биргелешип өнүктүрүүгө макулдашты. Ошентип, кош мамлекет өздөрүнүн алдыңкы
технологиялык компанияларын эл аралык рыноктордо биргелешкен хабдар тармагы
аркылуу илгерилетүүнү көздөп жатат. Бүгүнкү күндө Кремний өрөөнү менен Шанхайда
мындай аянтчалар иштеп турат. Азыр Дубайда жаңы борбор куруу үчүн даярдык
жүрүүдө.
Жаслан Мадиев, Премьер-министрдин
орун басары - жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министри:
- Өзбекстан менен кызматташа
турган IT тармагынын бир нече багыты бар. Биринчиден, бул эл аралык рыноктордо
биргелешип IT-хабдарды түзүү. Мисалы, Кремний өрөөнүндө биргелешип ачылган
хабдар бар. Анда Борбор Азия аймагынын компанияларынын венчурдук инвесторлор
менен жолугушуусуна жана акселерациялык программалардан өтүүсүнө арналган
алдыңкы инфраструктура курулган.
Кол коюлган документтердин ичинде - Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы суу ресурстарын биргелешип пайдалануу жөнүндө келишим бар. Өлкөнүн тармактык министри Нуржан Нуржигитовдун айтымында, трансчек аралык дарыялардын суу деңгээлин болжолдоо менен алектенген атайын жумушчу топ түзүлдү. Ошондой эле, тармакты санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Нуржан Нуржигитов, суу
ресурстары жана ирригация министри:
- Ошондой эле, биргелешип суу чарба курулуштарынын тизмесин аныктоого киришебиз. Башкача айтканда, эки тараптуу каналдарды жаңылап, калыбына келтирүү иштерин жүргүзөбүз. Акыркы маалыматтарга ылайык, Казакстан менен Өзбекстандын аймагында жайгашкан негизги 12 канал бар. Алар мамлекеттер аралык пайдалануудагы суу булактары.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

