Жакынкы келечекте ата мекендик
товарлардын түрк мамлекеттеринин чек араларынан өтүүсү жеңил болот.
Бүгүн Мажилис Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык тиешелүү
макулдашуусун ратификациялады. Анын алкагында жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридорун
түзүү көздөлүүдө. Бул бажы көзөмөлүнүн натыйжалуулугун жогорулатып, анын
мөөнөтүн кыскартат. Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн аймактарынан
ташылып жаткан товарлар жана транспорт тууралуу маалыматты соода операторлору
өткөрүп берет. Бул иш ыктыярдуу түрдө аткарылат. Анткени бул үчүн аларга бир
катар жеңилдиктер берилет. Бул тууралуу Каржы
министри Мади Такиев депутаттарга мыйзам долбоорун тааныштыруу учурунда айтып
берди. Маалыматка караганда, артыкчылыктарга бажылык жол-жоболоштуруудагы
өзгөчө тартип жана өткөрүү пункттарында текшерүүнү колдонбоо жана өзүнчө кыймыл тилкелери кирет. Айта кетсек, келишим күчүнө
киргенден кийин өлкөлөр долбоорду алты айга пилоттук түрдө ишке ашырат.
Мади Такиев, Каржы министри:
- Биз бул келишим менен бардык
бажылык жол-жоболорду бириктирип жатабыз. Ошол
келишимдин негизинде маалымат алмашабыз. Башкача айтканда, бул бизге өнөктөштөрүбүздөн алгачкы
баскычта маалымат алып, жүктөрдү жашыл коридор аркылуу текшерүүсүз ташууга
мүмкүндүк берет. Эки тараптуу келишимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн кереги жок. Себеби баары
ушул келишим менен жөнгө салынат. Маалымат системаларына келсек, бизде
бирдиктүү интеграция, бирдиктүү
маалымат системасы болбойт, жөн гана бажылык текшерүү үчүн зарыл болгон
маалымат алмашуу болот.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков