АКШнын абройлуу The National Interest журналында Касым-Жомарт Токаевдин «Ишенимдүүлүк – жаңы күч» аттуу макаласы жарык көрдү. Президент дүйнө жүзү туруктуулук эң сейрек стратегиялык ресурстардын бирине айланган доорго кадам басканын жазды. Кагылышуулар көбөйүп, геосаясий атаандаштык күчөдү, ал эми эл аралык институттар туңгуюкка кептелип, поляризация жана коом ишениминин төмөндөшү себебинен берекесиздикке көп учурап жатат. Ушул жагдайда Мамлекет башчысы эл аралык коомчулук символикалык билдирүүлөрдөн башка эч нерсе алып келбеген сүйлөшүүлөр, декларациялар жана конференциялар циклине таянган өз ара карым-катнаштын эски үлгүлөрү бүгүнкү дүйнөнүн талабына жооп бербесин белгиледи. Ошондуктан, Президент Бириккен Улуттар Уюму жактырган жана Дональд Трамп демилгелеген Тынчтык кеңешин түзүү идеясын маанилүү кадам деп баалайт. Бул түгөнгүс талкууга толгон кезектеги форумдун бири эмес, - деди мамлекет башчысы. Мында, өзгөчө, Газа жана Жакынкы Чыгышта реалдуу натыйжаларга жетишүүгө багытталган практикалык кадам жасалат.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Бул
демилгени түп-тамырынан бери өзгөчө кылган нерсе – анын логикасы. Ак үй чындап
эле инновациялык ыкма, саясий формулаларды кайталоонун ордуна, айкын жана түз
принципти сунуштады – туруктуу экономикалык өнүгүү аркылуу тынчтык. Башкача
айтканда, тынчтык ураан катары эмес, долбоор катары каралат: инфраструктура,
инвестициялар, жумуш орундары, кагылышуунун кайра жандануусун иррационалдуу
кыла турган келечек. Жаңычылдыгы жана масштабы аркасында бул демилге
урмат-сыйга, эл аралык көңүл бурууга татыктуу.
Ошондой эле макалада Касым-Жомарт Токаев Казакстан менен
АКШ өз ара урматтоо жана түшүнүүгө негизделген көп кырдуу өнөктөштүк курганын
белгиледи. Америкалык компаниялар мурдатан эле, өзгөчө энергетика тармагында
Казакстандагы эң ири инвесторлордун катарында турат. Жакынкы долбоорлордун
катарында америкалык Cove Capital компаниясы менен өнөктөштүктө Казакстанда
дүйнөдөгү эң ири вольфрам кен ордун иштетүү бар.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Акыркы жылдары биз модернизациялоо, диверсификациялоо
жана дүйнөлүк рынокторго интеграциялануу стратегиясын жүргүздүк. Инвестициялык
климатты чыңдадык, нормативдик базаны жакшырттып региондогу транспорттук
байланышты кеңейттик. Натыйжада, Казакстанда жан башына эсептегендеги ИДӨ 15
000 АКШ долларына жетти. Бул анын Борбордук Азиядагы эң ири экономика
катарындагы ордун андан ары бекемдей түштү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

