Казакстанда айыл чарба каттамы башталды

Казакстанда айыл чарба каттамы башталды

Бүгүн Казакстанда айыл чарба каттоосу башталды. Аяк оона айына чейин ал онлайн форматта өтөт. Мурунку жылдардагыдай эле санариптик технологиялар колдонулат. Алардын киргизилишинин аркасында маалыматтарды иштеп чыгуу тездетилет, деп билдирет улуттук статистика бюросу. Айыл чарба түзүмдөрү Sanaq.Gov.kz сайтында анкетанын суроолоруна өз алдынча жооп бере алышат. Жалпысынан 20 миңден ашык ишкананы жана 280 миңге жакын дыйкан чарбасын, ошондой эле жеке ишкерлерди камтуу көздөлүүдө. Айыл жергесинде жашаган респонденттер өзүн-өзү тейлөө зоналарына кайрыла алышат. Алар акимчиликтердин алдында жана райондук статистика бөлүмдөрүндө уюштурулган. Республика боюнча мындай пункттардын саны – 2700гө жакын. Мындан тышкары, каттоо учурунда келип чыккан бардык суроолорду күнү-түнү бирдиктүү байланыш борбору аркылуу берүүгө болот. Белгилей кетсек, Казакстандагы кампания айыл чарба каттоосунун 10-дүйнөлүк программасынын жана ФАОнун сунуштарынын алкагында өтүүдө.


Асель Шакенова, Улуттук статистика бюросунун жетекчисинин орун басары:


- Сайтта сурамжылоонун эки варианты жеткиликтүү болот. Бири айыл чарба ишканалары үчүн, экинчиси бакчасы, короосу же малы бар үй чарбалары үчүн. Суроолор жерди пайдалануу, техниканын болушу, малды багуу, инфраструктура, айыл чарба өнүмүн өндүрүү жана сатуу, ошондой эле эмгек шарттарына тиешелүү. Sanaq.Gov.kz сайтында кеңештер орнотулган, сурамжылоонун бөлүмдөрүн толтуруу боюнча толук видео нускама жайгаштырылган, ошондой эле Sanaq-Myrza деп аталган атайын иштелип чыккан чат-бот иштейт, ал суроолорго жеткиликтүү түрдө жооп берет.


Улуттук статистика бюросу онлайн анкета толтурбагандар офлайн катыша алышат дешет. Аларга атайын даярдалган интервьюерлер келишет. Калкты каттоодон алынган алдын ала маалыматтарды бештин айында, ал эми акыркы маалыматтарды 2026-жылы берүү мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков