Ал эми соода жана жүк агымынын багытын өзгөртүүнү эске алганда, көрсөткүчтөр 200 миңге чейин өсүшү мүмкүн. Бүткүл Борбор Азия аймагынын транзиттик потенциалы Алматыда өтүп жаткан 2-Европа Биримдиги-Борбор Азия экономикалык форумунун биринчи күнүндө талкуунун негизги темасына айланды. Европалык бизнестин өкүлдөрү аймактагы экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы боло турган масштабдуу демилгелерди иш жүзүндө ишке ашырууга кызыкдар. Жолугушуунун катышуучулары Европага жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө соода жолдорун диверсификациялоо маселесин кароого ниеттенишүүдө. Мындан тышкары энергетикалык коопсуздук жана жашыл энергетика долбоорлоруна артыкчылык берилет.
Роман Василенко, КР Тышкы иштер министринин орун басары:
- Абдан логикалык чечим - бул мүмкүнчүлүктөрдү чындыкка айландыруу. Казакстан менен Евробиримдик стратегиялык өнөктөш бойдон калууда. Биздин өлкөгө келген бардык чет элдик инвестициялардын 40%ы Евробиримдиктен келет. Ал Казакстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Экономиканын энергетика жана логистика сыяктуу приоритеттүү тармактарында экономикалык байланыштарды өнүктүрүү бизди абдан кубаттады жана өнөктөштүктү кеңейтүүнү көздөп жатабыз.
Евробиримдиктин өкүлдөрү Борбор Азия рыногу абдан келечектүү экенин баса белгилешти.
Техри Хакала, Евробиримдиктин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү:
Мен Борбордук Азия аймагында чоң потенциалды көрүп турам. Бул базар 80 миллион калкы бар. Биз экономикалык байланыштарыбызды өнүктүрүүгө абдан жакшы көз караштабыз.
Памела Коук-Гамильтон, Эл аралык соода борборунун аткаруучу директору:
- Менимче, Борбордук Азиянын интеграциялык процесстери алардын Батыш дүйнөсүнүн өлкөлөрү менен мындан аркы соода алакасын аныктайт. Биз аймактык өзүн-өзү идентификациялоо процессинин өнүгүшүн көрүп жатабыз. Бул дагы башка маанилүү аймактык жана дүйнөлүк державалар менен позицияны аныктоо, диалог түзүү жагынан абдан маанилүү.
Бүгүн форумда Европа Биримдигинин, ошондой эле Борбордук Азиянын беш мамлекетинин бизнес жана өкмөт өкүлдөрү Борбордук Азиядагы бизнес климатты жакшыртуу, жашыл жана санариптик өтүүнү ишке ашыруу менен Европаны өнүктүрүүнүн инвестициялык банктар стратегиясын талкуулашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков