Энергетика, унаа
жасоо, курулуш, логистика жана инфраструктура. Казакстан-Австрия ишкерлер
Кеңешинде эки өлкөнүн өкүлдөрү бул тармактагы кызматташтыктын келечегин
талкуулашты. Борбор калаага Борбордук Европа мамлекетинин Федералдык экономикалык
палатасынын өкүлдөрү келишти. Жыйынга ишкерлер да катышты. Австриялык тараптын
айтымында, Казакстанга узак мөөнөттүү инвестиция салуу башкы артыкчылык болуп
саналат. Болот заводун куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу даяр. Акыркы 20 жылда
Австрия Казакстандын экономикасына 3 миллиард доллардан ашык каражат салган.
Өлкөдө Австриянын өкүлдөрү катышкан 170тен ашык компания катталган. Мындан
тышкары, фармацевтикалык, нанотехнологиялык жана авиациялык тармактардагы
биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле, тараптар адистерди даярдоого
жана билим берүү жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар.
Дитмар Феллнер,
Австрия-Казакстан коомунун башка катчысы:
- Казакстан-зор дарамети
бар мамлекет. Биз инфраструктураны, анын ичинде транспорт жана энергетика
чөйрөсүндө өнүктүрүү тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даярбыз. Азыр Казакстан
инновациялык технологияларды киргизип жаткан унаа жасоо боюнча биргелешкен долбоорлорго
кызыкдарбыз.
Мухтар Тилеуберди,
Казакстан Республикасынын Австриядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:
- Ишкерлер кеңешинин
жыйынында австриялык компаниялар көптөгөн сунуштарды киргизишти. Алардын
басымдуу бөлүгү Казакстандын жеке бизнеси менен кызматташууну камтыйт. Ошондой
эле энергетикалык жана транспорттук-транзиттик дараметти өстүрүү боюнча
мүмкүнчүлүктөр айтылды. Кызыгуу басымдуулук кылат. Мындан тышкары, өндүрүштүн
эки тараптуу соодасын көбөйтүү келечектери бышыкталды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

