Казакстанда айдап-себүү өнөктүгүнүн мониторингине жасалма интеллект платформасы киргизилүүдө

Казакстанда айдап-себүү өнөктүгүнүн мониторингине жасалма интеллект платформасы киргизилүүдө

Казакстанда айдоо иштерине мониторинг жүргүзүү үчүн AI элементтери бар санарип платформасы киргизилип жатат. Ага эгин айдоо процесси жөнүндө маалыматтар топтолот. Азыр бул ата мекендик иштеп чыгуу пилоттук режимде иштөөдө. Келечекте системага жасалма интеллект элементтери киргизилет. Өкмөт жыйынында тармакты санариптештирүү жана жаңы агротехнологиялык иш-чараларды камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-Министри:

- Санариптик куралдар агрардык өндүрүштүн бардык баскычында, башкача айтканда, процесстерди пландаштыруу жана көзөмөлдөөдөн баштап даяр өнүмдү эсепке алуу жана сатууга чейин колдонулууга тийиш. Биз айыл чарба өндүрүшүндө санариптик чечимдерди жана жасалма интеллектти ийгиликтүү колдонуу мисалдарын буга чейин да караганбыз. Ушундай демилгелерди жана тажрыйбаны мындан ары кеңири жайылтуу зарыл.

Ошондой эле, Премьер-министр айыл чарбасында сууну үнөмдөөчү технологияларды активдүү киргизүүнү тапшырды. Өкмөттүн жыйынында жазгы талаа иштерине кеминде 750 млрд теңге багыттоо пландаштырылып жатканы айтылды. Бул 2023-жылдагы көрсөткүчтөн 5 эсе көп. Быйылкы жылы айдоо аянттарынын жалпы аянты 24 млн гектарга жакын. Анын 12 млн гектардан ашыгы буудай аянттары.

Которгон: Илгиз Жамалбеков