Жаңы Конституцияда
менчиктин бардык түрүн тең коргоону бекитүү сунушталды. Колдонуудагы Баш
мыйзамда менчиктин эки гана түрү каралган – мамлекеттик жана жеке менчик. Ал
эми заманбап экономисттер кеминде 5-6 түрдүү менчик түрүн бөлүп көрсөтөт, -
дейт мажилисмен Азат Перуашев. Анын айтымында, Финляндия, Литва, Латвия,
Азербайжан өлкөлөрүнүн конституцияларында муниципалдык менчик түрү көрсөтүлгөн.
Кытай, Бразилия, Индиянын негизги мыйзамында аларга кооперативдик менчик
кошулган. Инвестиция тартуу, жайлуу бизнес климат үчүн ар кандай экономикадагы
менчик макамы өтө маанилүү роль ойнойт. Ошондуктан, депутат сунушту орундуу деп
эсептейт.
Азат Перуашев, Парламент
Мажилисинин депутаты:
- Жаңы Конституция
долбоорунун 8-беренесинин 1-пунктун төмөнкү редакцияда баяндоону сунуштайм: «Казакстан
Республикасында менчиктин бардык түрү таанылат, аларга кепилдик берилет жана
тең корголот». Бул норма экономиканын өнүгүшүнө, бизнес, коом жана мамлекет
ортосундагы мамилелердин күчөшүнө оң таасир этет, бардык менчик түрүн колдоо
жана коргоо дегенди билдирет деп ишенебиз.
Баш мыйзамдын жаңы
долбоорун коом кызуу талкуулап жатат. Колдонуудагы Баш мыйзамда ар кимдин эмгек
кылуу эркиндигине укугу бар экени жазылган. Өлкөнүн профсоюздар федерациясы бул
норманы «татыктуу эмгек» деген сөз менен толуктоону сунуштоодо. Федерация
төрагасы Сатыбалды Даулеталин бул принцип Эл аралык эмгек уюмунун талаптарына
да шайкеш келерин белгилейт.
Сатыбалды Даулеталин,
Профсоюздар федерациясынын төрагасы:
- «Татыктуу эмгек»
деген сөз - бул татыктуу эмгек акы. Экинчи татыктуу эмгек коопсуздугу. Азыркы
учурда эртең менен аман-эсен жумушка кеткен адам, кечинде аман-эсен үйүнө кайтышы
керек. Ошондуктан биздин принцип ушул. Мен Конституциябызга ушул норманы
киргизген жагдайда бул жумушчу калк үчүн, жарандар үчүн чоң конституциялык
тирек болот деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

