2026-жылы темир жол ташуусу 327 млн тоннаны түзөт

2026-жылы темир жол ташуусу 327 млн тоннаны түзөт

2026-жылы темир жол транспортунун көлөмү 327 миллион тоннаны түзөт деп болжолдонууда. Транзиттик ташуу жыл сайын туруктуу 20% өсүү көрсөтүп келет. Быйыл «Кызылжар – Мойынты» жана «Дарбаза – Мактаарал» участокторунда стратегиялык курулуш долбоорлору жасалат. Буга кошумча поезддерди жөнгө салуунун заманбап системалары киргизилип, кыймыл коопсуздугу менен өткөрүү жөндөмдүүлүгү артат. Темир жолдорду капиталдык оңдоо улантылат. 2026-жылы 1,6 миң чакырым темир жолду оңдоо пландаштырылган. Транскаспий багыты менен жүк ташууну арттыруу үчүн соода флоту 4 паром менен толукталат. Быйыл жүк ташуу көлөмүн 90 миң контейнерге чейин жеткирүү мерчемделүүдө.

Жанибек Тайжанов, транспорт министринин орун басары:

- 233 локомотив, 1,4 миңден ашык жүк жана 191 заманбап жүргүнчүлөр вагонун жеткирүү пландалууда. Эл аралык транспорт коридорлору дагы тездик менен өнүгүүдө. Алар – Транскаспий эл аралык транспорт багыты жана Түндүк – Түштүк багыттары. Транскаспий багытынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн арттыруу алкагында порттордун инфраструктурасын жаңылоо долбоорлору ишке ашырылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков