Казакстанда айдап себүү өнөктүгү аяктады

Казакстанда айдап себүү өнөктүгү аяктады

Казакстанда айдап себүү иштери аяктады. Бүгүнкү күндө  24 млн гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап себүү өз маарасына жетти. Бул пландалган көлөмдүн 100% түзөт. Алсак, 17 миллион гектарга дан эгиндери, 3 миллион гектарга май өсүмдүктөрү, 3,5 миллион гектарга тоют өсүмдүктөрү айдалган. Ошондой эле, болжол менен 167 миң гектар жерге картөшкө эгилди. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, жазгы талаа иштери аба ырайынын татаал шарттарына карабастан өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлдү. Эскерте кетсек, айдап себүү өнөктүгүнө даярдык көрүүнүн жүрүшүндө 2,5 миллион тоннага жакын үрөндүн керектүү көлөмү калыптандырылды. Жеңилдетилген каржылоонун көлөмү быйыл 580 миллиард теңгени түздү.

Анын ичинен 400 миллиарды кошумча насыялык каражаттар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков