Экономиканы модернизациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында моношаарларды өнүктүрүү пландары каралды. Азыркы учурда Казакстандын аймагында мындай 27 конуш бар. Аларда акыркы 6 жылда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 11,2 триллион теңгеден ашты. Бул өлкө боюнча жалпы көрсөткүчтүн 29% түзөт. Бүгүнкү күндө моношаарларда 2 триллион теңгеге 86 долбоордун суммасы түзүлдү. Негизинен тоо-кен металлургия жана химия өнөр жай, айыл чарба, курулуш жана унаа жасоо тармактарында жаңы ишканалар түзүлөт. Жалпысынан аларды мындан ары өнүктүрүү үчүн бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын жылдык лимитин жогорулатуу сунуш кылынат. Каражат турак-жай фондусун жана инженердик инфраструктуранын объектилерин капиталдык оңдоого багытталат. Мындан тышкары, жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну жандандыруу пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков