Казакстандын бай маданияты, салттары жана тарыхы дайыма чет элдик коноктордун кызыгуусун туудуруп келет. Буга тармактын адистери да ынанышат. Алматы шаарынын туризм күнүндө туризм тармагынын адистери мегаполистин эбегейсиз дараметин белгилеп өтүштү. Жыйынтыгында Казакстан менен Гонконгдун туроператорлору кызматташууну түзүү боюнча макулдашууга жетишип, меморандумга кол коюшту. Роуд-шоуга өлкөдөн 10го жакын компания, 100дөн ашык жергиликтүү туристтик агенттиктер жана 20га жакын туристтик ассоциациялар катышты. Алар үчүн атайын мастер-класс өткөрүлдү. Окумуштуу-этнограф казактын улуттук тамак-аштарынын жасалуу ыкмасын көрсөттү. Чогулган эл быламык боткосу, курут, балкаймак, жент, саамал суусундуктарынан даам татып, чай куюу аземине катышты.
Фанни Юн, Гонконг туристтик индустриясы кеңешинин аткаруучу мүдүрү:
- Мен бүгүнкү Алматыдагы туризм роуд-шоу иш-чарасына катышып жатканыма абдан кубанычтамын. Бул Гонконгдук агенттиктер менен Казакстандын туроператорлорунун ортосунда ишкердик мамилелерди орнотуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк деп эсептейм. Алматыда туризм тууралуу абдан мазмундуу презентациясына күбө болдук. Ошондой эле бүгүн сиздердин шаардын туризм бөлүмү менен туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюуга да жетиштик. Казакстан өзүнүн маданияты жана көз жоосун алган жаратылыш пейзаждары менен тартымдуу. Ошондой эле «Бир алкак-бир жол» демилгесинин маанилүү катышуучусу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков