Жаңы IT платформасы логистикалык чынжырларды түзүүгө жардам берет

Жаңы IT платформасы логистикалык чынжырларды түзүүгө жардам берет

Казакстанда жасалма интеллект бизнеске жаңы деңгээлге чыгууга жардам берет. Заманбап технологиялар билим берүү, саламаттыкты сактоо, энергетика, өндүрүш жана логистика тармактарында колдонулууда. Акыркысына келсек, бул тармак тездик менен өзгөрүп жатат. Санариптик чечимдер жүк ташуунун чыгымдарын эсептөөгө, чыгымдарды азайтууга, оптималдуу маршрут түзүүгө жардам берет. Мунун баары процесстердин эффективдүүлүгүн, ылдамдыгын, ачыктыгын жана жеткирүү чынжырларынын коопсуздугун бир топ жогорулатат. Акылдуу алгоритмдер ошондой эле онлайн режиминде орточо рыноктук бааларды берет. Мунун баары казакстандык binY стартапынын аркасында мүмкүн болду. Аны 2022-жылы иштеп чыга башташкан, ал эми бир жылдан кийин рынокко чыгарышкан. Сервис айдоочуну издөөдөн баштап маршрутту эсептөөгө чейин баарын автоматташтырат. Бүгүнкү күндө платформа айына 150дөн ашык ташууларды тейлейт. Долбоор Google'дун Silkway Accelerator ТОП-3үнө кирди.


Асет Хасенов, BINY долбоорунун негиздөөчүсү:


- Биз аткаруучуларды, кардарларды бириктирип, алардын баары биздин платформанын ичинде байланышып, бааларды көзөмөлдөө, болжолдоо боюнча эң ылдам жана ыңгайлуу кызматты алышат. Рынокто мүмкүн болгон нерселердин баары биздин технологияларда бар. Бизди «санариптик жибек жолу» деп белгилешти. Бул биз санариптик мейкиндикти түзүп жатабыз дегенди билдирет, ал жерде баары ишенимдүү, тынч жана баарын биз аркылуу жеткирүүгө болот.


Сервис ири компанияларга да, чакан бизнеске да кызмат көрсөтө алат. Бир логист же диспетчер платформа аркылуу бүтүндөй жеткирүү чынжырын башкара алат. Бул система жүктү жөнөтүүгө автоматтык түрдө өтүнмө түзүүдөн баштап, маршруттарды пландаштырууга жана ташуучулар менен өз ара аракеттенүүгө чейинки көпчүлүк процесстерди көзөмөлдөөгө жана тездетүүгө мүмкүндүк берет дегенди билдирет.


Асет Хасенов, BINY долбоорунун негиздөөчүсү:


- Санариптештирүү, транзит – бул биздин стартапты баштоого түрткү болгон негизги нерселер. Биз өлкө катары, экономика катары транзиттик өлкө боло алабыз деген түшүнүк биздин өзөгүбүз экенин түшүндүк. Биз дароо башка региондорго масштабдалабыз, анткени логистика өз ара байланыштуу, ал бир жерде токтоп кала албайт. Биз башка региондорго кетип, өлкөбүз аркылуу транзитти өнүктүрөбүз.


Стартап Казакстанда, Өзбекстанда жана Кыргызстанда ийгиликтүү иштеп жатат. Ал эми ушул жылдан баштап Кытайда да ишке кирди. Иштеп чыгуучулар система Борбор Азиядагы эң чоң санариптик логистикалык хабга айланат деп ишенишет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков