Казакстан дан өсүмдүктөрдүн экспортун 54%га көбөйттү

Казакстан дан өсүмдүктөрдүн экспортун 54%га көбөйттү

Казакстан жаңы түшүмдүн дан экспортунун көлөмүн көбөйттү. Өткөн жылдын аяк оона айынан бештин айына чейинки мезгилде өлкө тышкы рынокко 2024-жылдын ушул мезгилине караганда 54% көбүрөөк жеткирген. Башкача айтканда 3,7 миллион тонна. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди. Алсак, Өзбекстанга товар жеткирүүнүн өсүшү 44%ды, Тажикстан менен Ооганстанга-50%дан ашыгын, ал эми Кыргызстанга-22%ды түздү. Актау порту аркылуу Иранга экспорт 30 эседен ашык өсүп, 14 миң тоннадан 435 миң тоннага жетти. Тармактык мекеменин маалыматына караганда, өткөн жылдын 11 айында 9 миллион тоннадан ашык эгин ташылып, анын ичинен 2 миллион тоннадан ашыгы ички рынокко, 7 миллион тоннасы экспортко жөнөтүлгөн. Эскерте кетсек, 2024-жылы дыйкандар дан эгиндеринин рекорддук түшүмүн жыйнашкан. Орточо түшүмдүүлүк гектарынан 16 центнерден жогору болгон кезде  26,7 миллион тонна эгин бастырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков