Астанада 2025 ЕАЭБ Арбитраждык иштер боюнча Евразия жумалыгы өтүүдө

Астанада 2025 ЕАЭБ Арбитраждык иштер боюнча Евразия жумалыгы өтүүдө

Альтернативдүү талаш-тартыштарды чечүү ыкмаларынын инвестициялык климатты түзүүдөгү ролу, ошондой эле жасалма интеллекттин арбитраждык практикага тийгизген таасири. Бул жана башка маселелерди Астанадагы Евразия арбитраж жумалыгынын катышуучулары козгошту. Ал салт боюнча ЭАКБнын Эл аралык арбитраж борборунун алкагында башталды. Уникалдуу платформа бир аянтчада 300дөн ашуун адамды бириктирди. Алар – дүйнөнүн алдыңкы арбитрлери жана эл аралык укук боюнча эксперттер, юристтер, мамлекеттик структуралардын жана академиялык коомчулуктун АКШдан, Улуу Британиядан, ошондой эле Евразия континентинин өлкөлөрүнөн келген өкүлдөрү. Иш-чара Америкалык соода палатасы жана Түрк арбитраж ассоциациясы менен кызматташуу боюнча эки меморандумга кол коюу менен ачылды. 

Анна Гияр Сажко, Түрк арбитраж ассоциациясынын тең төрайымы: 

- Мен жасалган бардык нерсеге суктанам. Бүгүнкү күндө бул борбор аймактагы эң күчтүү борборлордун бири катары таанылды. Инвесторлор үчүн инвестиция салуу гана эмес, инвестицияларын коргоо жана талаш-тартыштар келип чыккан учурда аларды чечүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу абдан маанилүү.  Дал ушул АЭКБ алар үчүн түшүнүктүү болгон аянтчаны камсыздайт. Ошондуктан биз бүгүн Францияда, Англияда, Казакстанда биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө багытталган келишимге кол коюуну талкуулагандан кийин чечтик. 

АЭКБ сотунун жана эл аралык арбитраж борборунун  укуктук практикасына болгон ишенимди сандар айтып турат. 2018-жылдын башынан бери алар тарабынан 4 миңге жакын иш каралган, анын ичинде жүздөгөн миллион долларлык коммерциялык талаш-тартыштар бар. Система эл аралык стандарттарга ылайык иштейт, инвесторлорго укуктук коргоону камсыз кылат. Бүгүнкү күндө институттар менен 39 юрисдикциядан келген юристтер кызматташат, ал эми кеңселер Казакстанда гана эмес, Евразия өлкөлөрүндө, Кытайда жана Түркияда да иштейт. 

Кристофер Кэмпбелл-Холт, АЭКБнын жана Эл аралык арбитраждык борбордун сот аппаратынын каттоочусу жана жетекчиси: 

- Көпчүлүк, айрыкча чет элдик инвесторлор, Соттун жана Арбитраждык борбордун болушу алардын бул жакка инвестиция салуу чечиминде маанилүү роль ойногонун белгилешет. Ар кандай бизнес ишмердүүлүгүндө кыйынчылыктар жаралат. Инвесторлор мындай кырдаалдар келип чыккан учурда талаш-тартыштарды чечүү менен алектенген институттарга толугу менен ишене аларына ишенгиси келет. Ал эми бизде, Казакстанда, алар бул институттар жеткиликтүү, анын үстүнө бул жерде иштеген эл аралык серепчилер  аркылуу эң жогорку деңгээлде.  

Серепчилер Астананын Евразиянын укуктук борбору катары позициясын бекемдеп, эл аралык бизнеске ишкердик инфраструктураны гана эмес, укуктук коргоонун натыйжалуу механизмдерин да сунуштап жатканын белгилешет. 

Которгон: Назира Бегалиева