Казакстанда кант кызылчасы түшүмүн көбөйтүү сунушталууда

Казакстанда кант кызылчасы түшүмүн көбөйтүү сунушталууда

Казакстанда канттын баасы көтөрүлүүдө. Республиканын аймактарында канттын килограммы 400-800 теңгеден сатылууда. Бул чектүү көрсөткүч эмес, күзгө чейин баалар 1000 теңгеге чейин көтөрүлүшү мүмкүн - дешет адистер. Товардык баанын олуттуу өсүшү чийки заттын кымбатташына жана аны жеткирүүдөгү логистикалык кыйынчылыктарга, атап айтканда, коңшу Орусиядан ташып келүүнүн токтотулушу менен байланыштуу. Канттын айланасындагы дүрбөлөң көпкө созулушу мүмкүн дешет адистер. Маанилүү өнүмдүн жетишсиздигинен быйыл 12 миң тоннага жакын гана кант кызылчасы эгилди.

Ербол Есенеев, «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасынын агро өнөр жай комплекси жана тамак-аш өнөр жай департаментинин мүдүрү:

- Бул түшүмдү өндүрүүдө дыйкандардын да олуттуу көйгөйлөрү бар. Маанилүү нерсе сууга байланыштуу, анткени ал нымды талап кылган өсүмдүк. Башкача айтканда, аны сугаруу керек болгондо эле суу жетпей калат. Биз дагы эле 90% үрөнгө көз карандыбыз. Кант кызылчасын өз-өзүнчө тандап алуу татаал иштерди талап кылат. Ошондой эле атайын технологиялар менен камсыз кылуу зарыл. Бул иштер азырынча бир жолго коюла элек. Ошондуктан бул тармакка жакшы инвестиция керек.

«Атамекен» жакынкы беш жылдыкка тармакты өнүктүрүү программасын ишке киргизүүнү сунуштоодо. Бул программа республикада кант кызылчасынын өсүмдүктөрүн көбөйтүүгө жана заводдорду толук кандуу жүктөөнү көздөйт. Улуттук палатанын маалыматы боюнча, бул үчүн Алматы, Жамбыл жана Түркестан облустарынын дыйкандарына болжол менен 104 миң гектардай жер керек.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков