Астана эл аралык каржы борборунун катышуучулары
2024-жылдын 9 айында 41 миллиард теңгеден ашык салык төлөштү. Бул былтыркыдан
4,5 миллиардга көп. Жалпысынан АЭКБ ишмердүүлүгүндө бүткүл мезгил ичинде
өлкөнүн бюджетине 126 миллиард теңгеден ашык каражат түшкөн. Инвестицияларга
келе турган болсок, борбор Казакстанга 6 триллион теңгеге жакын каражат
тарткан. Мындай маалыматтар менен АЭКБ талдоочулары бөлүштү. Белгилей кетсек,
бүгүнкү күндө каржы борборунда дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн 3 миң 300дөн ашуун 80
компания катталган. Алардын дээрлик жарымы чет элдиктер, негизинен Европа, Азия
жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттери. Бирок республиканын пайдалуу географиялык
жайгашуусу жана жагымдуу инвестициялык климаты жыл сайын жаңы ири оюнчуларды
өзүнө тартып турат. Алардын арасында алдыңкы каржы компаниялары, дүйнөлүк
криптовалюта биржалары, кесиптик кызмат көрсөтүүчүлөр, регионалдык өнүктүрүү
банктары жана башкалар бар.
Жанна Диярова, АЭКБ департамент мүдүрү:
- AЭКБ - бизнести өнүктүрүү үчүн тартымдуу шарттар менен түзүлгөн
өзгөчө юрисдикция болуп саналат. Биз азыр бир гана салык преференциялары
жөнүндө эле эмес, каржы компаниялары бар деп айта алабыз. Азыр кеп англис
укугунун принциптерине негизделген жөнгө салуучу базанын укуктук курамы жөнүндө
болуп жатат. Компаниялар ошондой эле көзкарандысыз сот тутумуна жараша биздин
юрисдикцияны тандашат. Биздин көз карандысыз сотубуз, АЭКБнын эл аралык соту,
арбитраждык борбор, ошондой эле, мисалы, республиканын юрисдикциясы астында
түзүлбөй турган структуралык өнүмдөрдү түзүү мүмкүнчүлүгү бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков