Казакстандын деңиз порттору менен жүк ташуу көбөйдү

Казакстандын деңиз порттору менен жүк ташуу көбөйдү

Казакстандагы деңиз жүктөрүн ташуунун көлөмү эки эсеге өстү. Бүгүнкү күндө Түндүк деңиз терминалы, Актау порту жана Курык паром комплекси толук кубаттуулукта иштеп жатат. Акыркы эки объект келечекте эркин экономикалык аймактардын тизмесине кошулушу мүмкүн. Мындан тышкары, товар экспорттогон казакстандык ишкерлерди колдоого кошумча контейнердик хаб куруу пландалууда. Бул үчүн Актау суу портунда 19 гектар жер даяр. Жакын арада Курык паром комплексинин курулушун кеңейтүүнү баштоо көздөлүүдө.

Серик Ахметов, «Курык порты» өнөктөштүгүнүн башкы мүдүрү:

- Деңиз порттору эркин экономикалык аймактарга айланышы керек - деп эсептейбиз. Ал эми быйылкы жылы бул жараянды бүткөрүү үчүн кызуу иштеп жатабыз. Республикалык бюджет комиссиясынын жыйынынын күзгү сессиясында бул ишти аягына чыгарууну күтүүдөбүз. Бардык зарыл чараларды көрдүк.

Транскаспий багыты менен жүк ташуу көлөмү өстү

Быйылкы жылы Транскаспий эл аралык маршруту боюнча жүк ташуулардын көлөмү алты эсеге артышы мүмкүн. Бул «Казакстан темир жолунун» божомолу. Аталган транспорт коридору аркылуу 3 миллион тоннага жакын жүк ташылышы керек. 4 айдын ичинде белгиленген жерлерге 700 миң тоннадан көп жүк жеткирилди. Азербайжандык талдоочу Ильгар Велизаденин айтымында, Казакстандын транзиттик дараметин жогорулатуу Каспий өлкөлөрүнүн кызматташтыгын бекемдеп, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Эске салсак, бул жол Кытай, Казакстан, Азербайжан, Грузия, Түркия жана Кара деңиз аркылуу өтөт. Андан ары жол Европа өлкөлөрүнө алып барат.

Ильгар Велизаде, мейкиндик талдоо Каспий борборунун башчысы:

- Геосаясий кырдаалга байланыштуу азыр биздин аймактагы көптөгөн транспорттук коридорлор Транскаспий транспорттук жолу менен өтөт. Анда Казакстан маанилүү роль ойнойт. Буга байланыштуу Актау жана Курык портторунун мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу ири транспорттук долбоорлорду ишке ашыруунун актуалдуу маселеси экенин белгилей кетүү керек. Бул Казакстандын эле эмес, башка өлкөлөрдүн да экономикалык кызыкчылыгына туура келет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков