Казакстанда аскерге чакырылуучулар бөлүктөргө жасалма интеллект жардамы менен бөлүнөт

Казакстанда аскерге чакырылуучулар бөлүктөргө жасалма интеллект жардамы менен бөлүнөт

Казакстанда аскерге чакырылуучулар жасалма интеллекттин жардамы менен аскердик бөлүктөргө тандалып алынат. Жаңы санариптик платформаны өлкөнүн коргоо министрлиги иштеп чыгууда. Ал, талапкерлердин жеке маалыматтарын талдоо негизинде жеке тандоону камсыздап, салттуу аскерге чакыруу ыкмасын алмаштырышы керек. Келечектеги жоокердин туулган жери, билими, бою, салмагы жана үй-бүлөлүк абалы жана башка мүнөздөмөлөрү эске алынат. Система жеке маалыматтарды негизге алуу менен аны кайсы аскер түрүнө жөнөтүү керектигин аныктап, тандоого жардам берет. Жаңы алгоритмди киргизүү ушул жылдын аягына чейин мерчемделген.


Дархан Ахмадиев, Коргоо министринин орун басары:


- Биз азыр эле кимдерди чакырууга болорун, кимдерди чакырбоого болорун аныктоого мүмкүндүк берген электрондук система менен иштеп жатабыз. Аскерге чакырылбай турган категориядагы жарандар, алар студенттер жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. Биз аларды башка тизмеге киргизебиз. Андан тышкары, студенттерге аскер комиссариаттарына барбаса болору тууралуу SMS-билдирүүлөрдү жөнөтөбүз. Системанын ишин дагы да тереңирээк изилдей отуруп, аскерге чакырылуучуларды мүмкүн болушунча так иргеп ала турган алгоритмди ишке киргизүүнү каалайбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков