Казакстанда инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча өкмөт чараларды талкуулады

Казакстанда инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча өкмөт чараларды талкуулады

Казакстанда товарларды санариптик таңгактоо системасынан улам фармацевтикалык өнүмдөн бюджетке түшкөн киреше дээрлик 2 эсеге, ал эми бут кийимден 3 эсеге көбөйдү. Бул система рыноктун ачыктыгын жогорулатууга, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого жана ИДӨдөгү көмүскө экономиканын үлүшүн азайтууга өбөлгө түзүүдө. Бул тууралуу инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча кеңештин жыйынында белгилүү болду. Жыйын премьер-министр Олжас Бектеновдун төрагалыгы алдында эл аралык бизнес коомчулугунун жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Катышуучулар сооданы санариптештирүү маселесин талкуулап, өлкөдө таңгактоону киргизүү үчүн шарттар түзүлгөнүн белгилешти: товарлардын тизмеси жана 2029-жылга чейинки Улуттук өнүгүү планынын алкагында аларды этап-этабы менен киргизүү мөөнөттөрү бекитилген. Мындан тышкары, 2030-жылга чейинки соода саясатынын концепциясы иштелип чыгууда. Мунун баары өлкөнүн инвестициялык тартымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков