Алматыда II Казакстан-Орусия медиа форуму өттү

Алматыда II Казакстан-Орусия медиа форуму өттү

Алматыда экинчи казак-орус медиа форуму өттү. Казакстандык делегацияны мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин, орусиялык делегацияны Орусия президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары жана басма сөз катчысы Дмитрий Песков жетектеди. Иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери, казак жана орусиялык ири маалымат каражаттары да катышты. Мамлекеттик кеңешчи президенттер Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык үлгүлүү экенин дайыма баса белгилеп келерин белгиледи. Бул өтө жогорку стандарт жана аны сактоо өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында күнүмдүк ишти талап кылат. Форумда ЖМК ишинде жасалма интеллектти колдонуу, маалымат өнөктөштүгүнүн механизмдери жана атайылап жалган маалыматка каршы аракеттерди координациялоо талкууланды. Песков Орусия Казакстандын президентинин жетинин айында боло турган биринчи мамлекеттик сапарына даярданып жатканын билдирди. Ал алдыда боло турган иш-чаранын маанилүүлүгүн жана масштабын баса белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков