Казакстан менен Сейшел аралдары ортосунда өз ара визасыз режим киргизилет

Казакстан менен Сейшел аралдары ортосунда өз ара визасыз режим киргизилет

Казакстан менен Сейшел аралдары визасыз режимди киргизүүнү пландап жатышат. Тараптардын ортосундагы макулдашуунун тиешелүү долбоорун Тышкы иштер министрлиги «Ачык» укуктук ченемдик актылар сайтына жарыялады. Визалык талаптардан өз ара бошотуу келишими боюнча сүйлөшүүлөр баш оона айынын 28не чейин болот. Ошентип, паспорт ээлери эки өлкөнүн аймагына 180 күндүн ичинде визасыз же 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө кирүү, чыгуу, транзиттик өтүү үчүн визалык талаптардан бошотулат.

Ал эми жеке бизнесин ачып, бизнесин жүргүзөм дегендер же билим алуу максатында баргандар, башкача айтканда, белгиленген мөөнөттөн көп калгандар атайын уруксат алышы керек. Макулдашууга кол коюу Казакстан менен Сейшел Республикасынын ортосундагы тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана паспорттордун бардык түрлөрүнүн ээлери үчүн жеңилдетилген визасыз режимди орнотууга жардам берет. Казакстан паспорттун кубаттуулугу боюнча 97 өлкөнүн ичинен 53-орунда турат. Казакстандыктар 39 өлкөгө визасыз бара алышат, ошондой эле дагы 52 өлкөгө барганда виза ала алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков