Казакстанда алгачкы транспорттук туннель ачылды

Казакстанда эң узун транспорттук жер астындагы жол пайдаланууга берилди. Долбоордун жалпы наркы 10 миллиард теңгеден ашат. 840 метрлик туннель Шымкент менен Тараз шаарын бириктирет. Өткөөлдүн бийиктиги 9 метр. Демек, жүк ташуучу унаалар да тоскоолдуксуз өтө алышат. Адистердин айтымында, азыр күнүнө орто эсеп менен 20 миң темир тулпар эки багытта жүрө алат. Туннелдин жанында айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн жол оңдоо пункту жана май куюучу жай бар. Ал тургай, тик учак аянтчалары жана соода аймактары каралган.

Зулпыхар Жолдасов, Түркестан облусунун акиминин биринчи орун басары:

- Ар бир тилкеде  көзөмөл видеокамералары жана ичинде өзүнүн вентиляциясы бар. Өрт сыяктуу өзгөчө кырдаалдар келип чыкса, коопсуздук жагынан абдан заманбап туннель. Айдоочулар өзүбүз  да кубанып жатабыз. 

Жаңы өткөөл «Батыш Европа-Батыш Кытай» эл аралык транспорт коридорунун маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Башкача айтканда, Казакстандын транспорту транзиттик потенциалды жогорулатууга түрткү берет дешет адистер.

Которгон: Назира Бегалиева