Үч жыл мурун эпидемиологиялык абалдын оорлошуна байланыштуу анын иши токтотулган эле. Ошентип, КЭРсы менен соода-сатык кайрадан жанданат. Ошол эле учурда ишкерлерге коюлган талаптар да өзгөрдү. Эми ар бир казакстандык чек арага жакын жерге келип, 31 килограммдан ашпаган товарларды бажы төлөмүсүз сатып ала алат. Ошондой эле, велосипед сыяктуу бөлүнгүс жүк болсо, 36 килограммга чейин өткөрөт. Сатып алынган товардын салмагы тиешелүү көрсөткүчтөн жогору болсо, 1 кг үчүн 4 еврого чейин кошумча акы төлөнөт. Ал эми бир айда бир нече жолу баргандар товардын баасынын 30%ын төлөөгө тийиш.
Аскар Бекбергенов, «Нур жолу» бажы бекети башчысынын милдетин аткаруучу:
Биз чек арадагы көптөгөн ортомчуларды алып салдык. Эми тышкы экономикалык кызматтын ар бир катышуучусу иштей алат. Алар керектүү документтерди чогултуп, тапшырып, толтургандан кийин бул жерден катталып, өз бизнесин баштаса болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков