Дүйнө өлкөлөрү Курман айтты кандай майрамдап жатат

Дүйнө өлкөлөрү Курман айтты кандай майрамдап жатат

Пандемия убагындагы Курман айт. Быйыл мусулмандардын ыйык майрамы бүткүл дүйнөдө санитардык талаптарды сактоо менен өтүп жатат. Вирус күчөп кетпеши үчүн Санкт-Петербургда мечиттер жабылган. Ал эми Бангладеште коронавирустун жайылышынан улам айдын башында карантин жарыяланып, коомдук унаалар токтотулган. Ал эми Курман айтка карата чектөө чаралары бир жумага жеңилдетилген эле. Бирок бийликтин бул чечими сынга кабылган. Анткени киши өлүмү дагы деле көп болууда.

Бе-Назир Ахмед, Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча серепчи:

- Азыр айылдан адамдар көп келип жатат. Алардын бардыгы вирустун ыктымал алып жүрүүчүлөрү болуп саналат. Бул тууралуу унутпаш керек.

Ал эми Пакистанда адамдардын коопсуздугун сактоо максатында, курмандык чалына турган малды онлайн сатып алууга болот. Жеке ишкер Сания Мунифтин айтымында, бул вирус жугуу тобокелдигин азайтып, сооданын жүрүшүнө оң таасир этет. Анткени азыр эл базарга келгенден коркот.

Сания Муниф, жеке ишкер:

- Бул бизнести колго алганыма 4 жыл болуп калды. Башында жакындарым менен бирге жумуш кылчумун. Пандемия убагында интернеттеги соодага кызыгуу көбөйгөнүн байкадым. Андыктан курмандыкка чалына турган турган малды онлайн сатуу идеясы келди. Бул мен сыяктуу жаш ишкерлер үчүн жакшы мүмкүндүк.

Индиянын бир катар штаттарында чектөө чаралары киргизилген. Андыктан, бийлик Курман айтты колдон келишинче үйдөн өткөрүүгө кеңеш берет. Орусиядагыдай болуп, Индияда дагы мечиттердин көбү жабык. Айтса кетсек, мамлекет коронавирустан каза тапкан адам саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Пандемия саламаттыкты сактоо тармагы менен экономикага дагы оор сокку урганы белгилүү. Учурда өлкөдөгү базарларда баа жогорулап кеткен.

Мир Музамил, дүкен ээси:

- Серепчилер өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын айтып жатат. Ошондуктан эл соода жасоого анча шашылган жок. Акчасы барлар дагы эртеңки күнгө карап, каражатты үнөмдөөгө өткөн.