Казакстанда 2025-жылы айдоо жана түшүм жыйноо өнөктүгүн каржылоо көлөмү 700 млрд теңгени түзөт

Казакстанда 2025-жылы айдоо жана түшүм жыйноо өнөктүгүн каржылоо 700 миллиард теңгени түзөт. Ушул айдын аягынан тарта 100 млрд теңге каржылоо башталат. 500дөн ашуун дыйкандар жеңилдетилген насыя алууга арыз беришти. Мындан тышкары, айыл чарба техникаларын сатып алууга 5%га жеңилдетилген лизинг программасына 200 млрд теңге бөлүнөт. Айыл чарбасына керектүү техникалардын ата мекендик өндүрүшү 30-50 пайыз аралыгында өсөт. Үрөндүн сапатын жакшыртууга да көңүл бурулууда.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Мамлекет башчысы 2028-жылы ата мекендик үрөн фондунун көлөмүн 80%га, анын ичинде элиталык фонддун көлөмүн 15%дан кем эмес жеткирүүнү тапшырды. Бизде дарамет жетиштүү. Илимий институттар дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуучу үрөн сортторун чыгарып жатышат. Биз дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды колдонуу менен агрономия илимин мындан ары да өнүктүрөбүз.

Ошондой эле, Өкмөт башчы белгилегендей, 2027-жылга чейин агросектордо 700дөн ашык долбоорду ишке ашыруу пландалууда, анын жалпы суммасы 2,3 трлн теңгени түзөт. Бул кайра иштетилген өнүмдүн үлүшүн 70%га чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет

Которгон: Илгиз Жамалбеков