Казакстан математика жана табият таануу боюнча PISA рейтингинде алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кирди. Эл аралык окуучулардын билим деңгээлин аныктоо программасынын жыйынтыгын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму жарыялады. Бул эл аралык изилдөө үч жылда бир жолу дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө 15 жаштагы балдардын билим деңгээлин текшерет. Казакстан 81 өлкөнүн ичинен математика боюнча 46-орунду, ал эми табият таануу боюнча 49-орунду ээледи.
Гани Бейсембаев,
Окуу-агартуу министри:
- Муну
Казакстандын билим берүү системасы үчүн чоң бурулуш жана өнүгүү десек болот. Мындай
жыйынтыктарга биз, мамлекет башчысы менен өкмөттүн ар тараптуу билим тармагын
колдоосунун аркасында жетиштик деп айтууга болот. Албетте, бул жерде биздин
мугалимдердин, окуучулардын да эмгегин, ролун өзгөчө белгилей кетүү керек деп
эсептейм.
Наталья
Жумадилдаева, Окуу-агартуу боюнча биринчи вице-министри:
- Быйыл сынакка
871 билим берүү мекемеси катышты. Башкача айтканда, 15 жаштагы 19769 окуучу.
Жалпысынан 2018-жылга салыштырмалуу математика боюнча тесттин жыйынтыгына
ылайык, 7 мамлекет өз деңгээлинин жогорулаганын көрсөттү. Алардын арасында
Казакстан да бар. Табигый илимдер боюнча болсо, 18 өлкө өз жыйынтыгын
жакшыртты. Алардын ичинен Казакстан тайпада өзгөчөлөнүп 26 упай топтоду.
Белгилей кетсек,
өлкөдөгү билим берүү деңгээлин өнүктүрүү максатында эл аралык тажрыйба негиз
катары алынып, 5 негизги багыт боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Алардын ичинен «Билим тармагындагы 1000 лидер» программасынын алкагында башкарууну өнүктүрүү жана
кадрдык резервди даярдоо, 21-кылымдын талаптарына ылайык компетенциялардын
алкагында жаңы билим берүү программаларын иштеп чыгуу, айыл мектептерине ар
тараптуу колдоо көрсөтүү, Улуттук «Ыңгайлуу мектеп» программасынын алкагында
жаңы окуу жайларынын курулушу жана башка да чаралар бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков