Кытайда Жаңы жылды чоң салтанат менен белгилөө - өлкөдөгү эң маанилүү майрамдардын бири. Ай календары боюнча «Чуньцзе» деп аталат. Жаңы жыл түнүндө Кытай медиакорпорациясынын гала концерти болуп өттү. Масштабдуу шоуда өлкөнүн эң мыкты артисттеринин спектаклдери, комедиялык чыгармалар, цирк жана акробатикалык номерлер, Улуттук согуш өнөрлөрүнүн спектаклдери жана башкалар камтылган. Фестивалга Казакстандын эл артисти Димаш Кудайберген да катышты. Анда Бээжиндеги башкы аянтчадан жана 4 кошумча сахналык жерлерден түз эфирде көрсөтүлдү. Бул жылы уюштуруучулар салттуу чектен чыгып, технология менен элдик искусствону бириктиришти. Ошентип, эржэнь-чжу-ань бийин артисттер роботтор менен бирге аткарды.
Белгилей кетсек, Кытай медиакорпорациясынын гала-концерти быйыл рекорддук
көрүү менен өттү. Алдын ала маалыматтар боюнча, аны 2 миллиард 817 миллион адам
көргөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

