Копа көлүнө 23 миң чабак коё берилди

Копа көлүнө 23 миң чабак коё берилди

Акмола облусундагы Копа көлүнө 23 миң ак амур жана күмүш балыктын чабактары коё берилди. Бул суу объектисин табигый түрдө тазалоо үчүн жасалат, дешет адистер. Бул этапта балык чабактары жакшы өнүгүп, айлана-чөйрөгө тез көнүшөт. Мындан тышкары, жаратылышты коргоочулардын айтымында, бул жергиликтүү фаунаны ар тараптандырып, көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга жардам берет. Буга чейин суу сактагычка 5 миллион пелядь балыгынын чабактары коё берилген.

Болат Төкишев, Облусттук жаратылыш ресурстары жана табиятты пайдалануу башкарма башчысынын орун басары:

- Салыштыра кетсек, мындан 2-3 жыл мурун Копа көлүндө кычкылтектин үлүшү 5 пайызды түзгөн. Азыр 7-8 пайызга чейин жеткирдик. Мындан 5-6 жыл мурун биздин көлдүн абалы начар болчу. Санитардык абалы да жакшы эмес. Бир аз жагымсыз жыт бар эле. Азыркы учурда суу сактагычта абал нормага ылайык. Мунун баары балык корунун аркасында. Башкача айтканда, балыктын бул түрлөрү көлдү табигый түрдө тазартты.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков