Казакстанда алгачкы аба таксиси пайда болот

Казакстанда алгачкы аба таксиси пайда болот

Казакстанда аба такси кызматы пайда болот. Системаны жаңы Алатау шаарында ишке киргизүү, Алматыга интеграциялоо пландаштырылууда. Өз ара түшүнүшүү меморандумуна жасалма интеллект министрлиги, Alatau Advance Air Group, америкалык Joby Aero компаниясы жана АКШлык ишкер Вячеслав Ким кол коюшту. Өнөктөштөр электрдик eVTOL учактарын сатып алууга болжол менен 300 миллион доллар инвестиция салышат. Булар вертикалдуу учуучу жана конуучу учактар. Моделине жана конфигурациясына жараша алардын баасы 200 000 доллардан 10 миллион долларга чейин. Учак Казакстандын биринчи шаардык аба мобилдүүлүгү долбоорунун негизин түзөт. Министрлик алдыдагы жылдары сертификациялоо жана демонстрациялык учуулар үчүн сыноо аянтчасын түзүүнү, ошондой эле аба такси кызматын шаардын транспорт тармагына интеграциялоону пландап жатканын баса белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков