Казакстандын президенти иш сапары менен АКШга барды. Нью-Йоркто мамлекет башчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт, ошондой эле «Борбор Азия-АКШ» саммитине катышат. Мындан тышкары президент трансулуттук компаниялардын жетекчилери менен жыйын өткөрүүдө. Атап айтканда, Касым-Жомарт Токаев «Wabtec» компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу мүдүрү Рафаэль Сантана менен Казакстандын темир жол тармагын модернизациялоо алкагында кызматташуунун келечегин талкуулады.Транспорт жана логистика тармагындагы дүйнөлүк лидер ата мекендик өнөр жайга 1 миллиард долларга жакын инвестиция салууга ниеттенүүдө. Учурда республикада сутек технологияны колдонуу менен локомотивдерди жана алардын запастык бөлүктөрүн чыгарууну ишке киргизүү долбоорлору иштелип жатат. Мындан тышкары, мамлекет башчысы Citigroup компаниясынын башкы мүдүрү Жейн Фрейзер менен жолугушту. Президент дүйнөлүк инвесторлор менен байланышты камсыздоодо жана каржы секторун санариптик трансформациялоону өнүктүрүүгө катышууда Астана эл аралык каржы борборундагы америкалык каржы холдингинин ролуна оң баа берди. Компания ошондой эле Казакстандагы транспорттук-логистикалык долбоорлорду каржылоону пландаштырууда.
Ренат Бектуров, «Астана» эл аралык каржы борборунун
башкаруучусу:
-Wabtek компаниясы Ситибанктын каржылоосу менен өлкөбүз
үчүн 240 жаңы локомотив курат. Бул мамлекет башчыбыз куруп жаткан орто
коридордун, ортоңку дализдин өнүгүшүнө чоң салым кошот. Бул келишим 950 миллион
долларды түзөт. Мурда айтылгандай, КТЖ локомативдерин 15 пайызга жакынын
жаңысына алмаштырууга мүмкүнчүлүк ачты. Сити банк корпорациясы 900 миллион
доллар насыя берет. Бул америкалык EXIM банк кепилдиктери менен камсыз кылынат.
Ошондуктан бул маселе АКШ Конгрессинде талкууланат. Биз инвестицияга, чет элдик
инвестицияга, анын ичинде америкалык инвестицияга ачык жана кызыкдар экенибизди
көрсөтүп турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков