Борбордук Азия бүгүнкү күндө дүйнөлүк экономикада
келечектүү жана олуттуу оюнчуга айланууда. Дүйнөлүк экономика жана саясат
институтунун серепчиси Ерсултан Жансеитовдун айтымында, Америка президентинин
С5+1 форматында Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринин башчылары менен биринчи
жолугушуусу Батыштын аймакка жана Казакстанга кызыгуусу артып жатканын
айгинелейт. Бирок бул анын табигый лидерлиги болуп саналат. Ата мекендик
аналитиктин айтымында, мындай жараян
өзүн актайт. Аймак өсүштүн оң динамикасын көрсөтүп, беш республиканын
экономикалык байланыштары чыңдалууда. Ошол эле учурда салттуу ресурстар менен
соода кылуудан тышкары, өлкөлөр логистиканы өнүктүрүүдө, транзиттик дараметтерин
бекемдеп жатышат. Ал эми Казакстан Транскаспий эл аралык транспорт коридорунун
масштабы жана мүмкүнчүлүктөрүнүн аркасында Чыгыш менен Батышты бириктирип
туташтырат.
Ерсултан
Жансеитов, Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун серепчиси:
-Биз
Америкадан Борбордук Азия аймагы, биринчи кезекте, Америка Кошмо Штаттары үчүн
экономикалык гана эмес, саясий көз караштан да маанилүү экендиги тууралуу
сигналдарды алып турабыз. Биринчиден, Ооганстан маселеси боюнча. Белгилүү
болгондой, азыркы геосаясаттагы ар кандай жараяндарга карабастан, ооган
маселеси токтобойт жана жалпысынан бардык мамлекеттер, дүйнөнүн эң ири
мамлекеттери, анын ичинде АКШда Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга
кызыкдар. Бул жагынан Казакстан жана Борбор Азия өлкөлөрү Вашингтон үчүн
өнөктөш. Ошондуктан мамлекеттер менен ар кандай кызматташуубуз бар. Ал эми
инвестиция, экономика, саясий деңгээлдеги өз ара аракеттенүүнү камтыйт жана
жалпысынан биз стратегиялык өнөктөшпүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков