Атом энергетикасы тармагындагы кызматташтык Акордодо талкууланды

Атом энергетикасы тармагындагы кызматташтык Акордодо талкууланды

Казакстандын президенти менен Electricité de France компаниясынын башкармалыгынын төрагасы жана башкы аткаруучу мүдүрү Бернар Фонтана энергетика тармагындагы, өзгөчө атомдук энергетика жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты. Бул ишкана аз көмүртектүү жана атомдук энергетика тармагында дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналат. Касым-Жомарт Токаев биргелешкен ишти кеңейтүү үчүн олуттуу дарамет бар экенин белгилеп, Казакстан француз өнөктөшү менен өз ара аракеттенүүнү чыңдоого өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Фонтана туруктуу энергетика жана заманбап энергетикалык инфраструктура жаатында мамилелерди мындан ары да кеңейтүүгө умтуларын билдирди. Жолугушууда ошондой эле уран жеткирүү маселелери да каралды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков