Казакстанда AI технологиясын пайдалануу үчүн бирдиктүү эреже түзүү сунушталууда

Казакстанда AI технологиясын пайдалануу үчүн бирдиктүү эреже түзүү сунушталууда

Жасалма интеллект көзөмөлгө алынды. Казакстанда AI технологияларын колдонуунун бирдиктүү эрежелерин киргизүү сунушталууда. Мажилистин депутаттары тиешелүү мыйзам долбоорун кабыл алды. Анда мамлекеттик органдар жана квазимамлекеттик түзүмдөр тарабынан нейросистемаларды пайдалануунун өзгөчөлүктөрү, ошондой эле бул рыноктун катышуучуларынын укуктары жана милдеттери жазылган. Мындан тышкары, мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр жасалма интеллект тарабынан иштелип чыккан жеке маалыматтарды коргоого багытталган. Буга кошумча, депутаттар нейрон желелер авторлугунун медиаконтентин жайылтууну көзөмөлдөө үчүн мыйзамдык чараларды белгилөөнү, ошондой эле мындай тутумдардын ээлери үчүн административдик жоопкерчиликти киргизүүнү сунушташууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков