Быйыл Актөбе облусунда 19 ири долбоорду ишке киргизүү мерчемделип жатат. Бул тууралуу президентке облуска болгон жумушчу сапарынын алкагында маалымат берилди. Аймакта дагы бир катар инвестициялык жана инфраструктуралык долбоор иштелип чыгууда. Учурда «Актөбе — Карабутак — Улгайсын» автожолунун долбоордук-сметалык документтери даярдалып жатат. Актөбе шаарына “Бухара – Урал” магистралдык газ түтүгүнөн 3-линияны тартуу көздөлүүдө. Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаевге облустагы ферроэритме заводунун эритүүчү цехтеринин газ тазалоо системасын жаңылоо иштери аяктагандыгы тууралуу да маалымат берилди. Мамлекет башчысы Актөбе облусунун экологиялык маселесин тез арада чечүүнү тапшырды.
Жалпысынан жыл башынан бери Актөбе облусуна 805 миллиард теңгеге жакын инвестиция тартылган. Бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,2%га жогору. Инвестициялардын негизги үлүшү кайра иштетүү өнөр жайына жана металл рудаларын казып алууга туура келет. Облуста ири инфраструктуралык объекттерден жана заводдордон тышкары “Айыл аманаты” программасы ийгиликтүү ишке ашырылууда. Ал ишке киргизилгенден бери дыйкандарга 6,6 миллиард теңге, ал эми үстүбүздөгү жылдын аяк оона айында кошумча дагы 12,5 миллиард теңге насыя берилди. Программанын алкагында кичи күнөсканалар курулуп, кондитердик цехтер жана нан бышыруучу, сүт менен этти кайра иштетүүчү ишканалар пайдаланууга берилди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
- «Айыл аманаты» программасы
өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Ошондуктан, айыл тургундары өз
мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыра алышы үчүн мүмкүн болушунча биз аны мындан ары да
көбүрөөк жайылтабыз. Биз сиздерге бардык чаралар менен колдоо көрсөтөбүз. Өзгөчө
кичи жана орто бизнеске көңүл бурабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков