Акордада «Digital Qazaqstan» долбоорун ишке ашыруу боюнча жумушчу кеңешме өттү. Мамлекет башчысына Жогорку Соттун, Улуттук банктын жана «Самрук-Казынанын» санариптик чечимдери тааныштырылды. Мамлекеттик органдардын жетекчилери Касым-Жомарт Токаевди экономика тармактарын жана мамлекеттик башкаруу системасын андан ары санариптештирүү пландары тууралуу маалымдашты. Казакстандын президенти Санариптештирүү жана жасалма интеллект жылынын алкагында олуттуу иштерди аткаруу керектигин баса белгиледи. Биринчи кезекте мамлекеттик аппаратты санариптештирүүнү тездетүү, мекемелер аралык маалымат системаларын процесстерге интеграциялоо керек. Касым-Жомарт Токаев баса белгилегендей, ашыкча макулдашууларды жоюуга басым жасоо керек. Касым-Жомарт Токаев Өкмөткө мамлекеттик аппаратты терең трансформациялоо милдетин койду. Бул процесстин куратору жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлиги болушу керек. Мамлекет башчысы ошондой эле улуттук эсептөө инфраструктурасын өнүктүрүүнү, санариптик активдер тармагын өнүктүрүү планын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Президент каржылык жөнгө салуучу органдарга Өкмөт жана укук коргоо органдары менен биргеликте иштеп чыгууну тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

