Астанада БУУнун аянтчасы пайда болот

Астанада БУУнун аянтчасы пайда болот

Казакстандын борборунда БУУнун аянты пайда болот. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин сунушун Астана шаарынын маслихатынын депутаттары колдоду. Эл аралык бирикменин аталышы Алихан Бөкейханов проспектисинде жайгашкан аллеяга ыйгарылат. Министрлик бул демилге Башкы катчы Антониу Гутеррештин 2023-жылдын жалган куран айында боло турган Казакстанга иш сапары менен байланыштуу экенин түшүндүрдү. Бул маанилүү сапарды эске алуу менен аянтча ачуу сунушталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков