Кендерди өздөштүрүүдөн толук өндүрүш циклин түзүүгө чейин. Дал ушундай
мамилени Казакстан Америка Кошмо Штаттары менен кызматташуунун алкагында
өнүктүрүүнү сунуштайт. Кеп маанилүү минералдар чөйрөсүндө биргелешкен
долбоорлорду ишке ашыруу, кайра иштетүүчү жана жогорку технологиялуу
өндүрүштөрдү түзүү, жана өнөр жай кластерлерин өнүктүрүү жөнүндө болуп жатат.
Биргелешкен изилдөө жана инжиниринг борборлорун ачууга, ошондой эле инженердик
жана техникалык кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл буруу пландалууда. Бул
тууралуу Астанада Борбордук Азия өлкөлөрү жана АКШнын маанилүү минералдар
боюнча C5+1 диалогунун жыйынында Казакстандын өнөр жай жана курулуш министри
билдирди. Ерсайын Нагаспаев ортоңку коридордун транспорттук инфраструктурасын
бекемдөөгө да көңүл буруларын белгилеп, ал маанилүү минералдарды дүйнөлүк
рынокторго жеткирүүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатышы керектигин кошумчалады.
Диалогдун катышуучулары, анын ичинде мамлекеттик органдардын, эл аралык
уюмдардын, бизнестин жана серепчилик коомчулуктун өкүлдөрү да жаңы
инвестициялык долбоорлорду жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын
ортосундагы өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты. Эске салсак,
Казакстанда 9,5 миңден ашык кен байлыктардын кендери бар, алардын 100дөн ашыгы
сейрек жана сейрек кездешүүчү металлдарды камтыйт.
Ерсайын Нагаспаев, Казакстан Республикасынын өнөр жай жана курулуш министри:
Казакстан чийки затты экспорттоого гана эмес, биргелешкен өндүрүштөрдү өнүктүрүүгө, технологияларды өткөрүп берүүгө, квалификациялуу кадрларды даярдоого жана илимий кызматташтыкты тереңдетүүгө да кызыкдар. Мен өкмөттөрдүн, бизнестин жана эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен аракеттери менен гана биз маанилүү минералдарды глобалдык жеткирүүнүн туруктуу жана диверсификацияланган системасын түзө алабыз деп ишенем. Бул Диалог Борбор Азия мамлекеттери менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы мындан аркы кызматташтык үчүн бекем пайдубал түзөт деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

