Казакстан атомдук электр станциясын куруу үчүн АКШнын технологиясын карабайт. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика министри борбордук байланыш кызматында өткөн брифингде билдирди. Болат Акчулаковдун айтымында, учурда станцияны куруунун бир нече варианттары каралып, коопсуздук жана сейсмикалык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Негизги курулуш аянты аныкталды, ал Балкаш шаарындагы Чоң калктуу конушу.
Болат Акчулаков, Казакстандын энергетика министри:
- Буга чейин ылайыктуу технологияны тандоо процесси жүрүп жатканын айтканбыз. Азырынча эч бирин тандай элекпиз. Өткөн жылы Түркия, Франция, Түштүк Корея, ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарында болдук. Азыр планда венгердик объектилер бар. Бул жерде белгилей кетүүчү нерсе, бардык станциялар ар кандай технологияларды колдонуу менен курулган. Тандоо жүргүзүлгөн жок, анткени аталган өлкөлөрдөгү технологиялардын бардык жакшы жана жаман жактарын таразалоо зарыл.
Министр ошондой эле өлкөдө АЭС курулгандан кийин ал жерде иштеген тажрыйбалуу адистердин жоктугун айтты. Анын айтымында, алар ядролук физикага тиешелүү тармактык билими бар кызматкерлер болушу керек. Ошондуктан белгилүү бир мөөнөткө чейин чет элдик адистердин жардамына кайрылууга туура келет.
Болат Акчулаков, Казакстандын энергетика министри:
- Атомдук электр станциясы – бул каалаган жерден сатып алууга жана үйдө орнотууга боло турган жөнөкөй жабдуу эмес. Аны куруп гана койбостон, аларды колдонуу иштин маанилүү этаптарынын бири болуп эсептелет. Коопсуз пайдалануу, биринчи кезекте, кадрга көз каранды. Тилекке каршы, Казакстанда мындай атомдук станциясы болбогондуктан, жетиштүү даярдалган кадрлар жок. Ал эми биз пландаштырып жаткан эки бочкалуу бир станцияны иштетүү үчүн 2 миңге жакын туруктуу кызматкер керек.
которгон: Илгиз Жамалбеков