Астанада
үстүбүздөгү жылдын аяк оона
айында LRTны сыноо иштери
башталат. Бул тууралуу өкмөт башчынын инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруунун
жүрүшү менен таанышуу учурунда айтылды. Былтыр эстакадалык көпүрөнүн, асма көпүрөнүн,
бардык станциялардын темир-бетон тетиктеринин курулушу бүткөрүлгөн. Долбоорду
толук колдоо үчүн борбордо шпалдар
өндүрүшү ишке кошулду. Була-оптикалык иштер
толугу менен аяктады. Учурда объектте рельстер төшөлүүдө. Мындан тышкары
саатына 350 чакырымга чейин
ылдамдыкта жүрүүгө жөндөмдүү заманбап поезддерди өндүрүү иштери жүрүп жатат. Жеңил
рельсте
650 орунга эсептелген
19 поезд иштейт. Ар
бири 36 жогорку сапаттагы монитор, 11 камера жана автоматтык башкаруу системасы
менен жабдылат.
Асылбек Дүйсенбаев, «CTS»
ЖЧК башкарма төрагасы:
- Атайын
кадрларды даярдоо башталды. ЛРТ боюнча жакшыртуу иштери жүргүзүлөт. Сыноо
мөөнөтү аяк оона айында
башталат. Сыноо мезгили жүргүнчүлөрсүз өткөрүлөт. Себеби, бул долбоор эң заманбап
GoA4 стандарты боюнча ишке ашырылат. Ал айдоочусуз, башкача айтканда, пилотсуз болот. Бул
стандарттын талаптарына ылайык, кеминде 6 айга чейин сыноо мезгили өтүшү
керек.
«Туран»
газ жылытуу станциясы курулушунун экинчи этабы аяктады
Өкмөт
башчыга «Туран» газ
жылуулук станциясынын курулушунун экинчи этабы аяктагандыгы тууралуу маалымат
берилди. Бүгүнкү күндө даярдык 98% ды түзөт. Станциянын иши автоматташтырылган.
Жогорку экологиялык таза өндүрүштө Германиянын, Орусиянын жана Финляндиянын
алдыңкы технологиялары колдонулат.
Учурда объект Есиль жана Нура
райондорун жылуулук менен камсыз кылат, ошондой эле аянты 2 миллион чарчы
метрге жакын социалдык жана өнөр жай объектилерин камсыз кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

