Америкалык Fitch агенттиги Казакстандын «BBB» деңгээлинде көз карандысыз насыя рейтингин туруктуу деп божомолдоду. Серепчилердин айтымында, тышкы буферлердин кубаттуулугу өлкө рейтингин колдогон негизги факторлордун бири бойдон кала берүүдө. Бул башка мамлекеттерге салыштырмалуу өлкөнүн каржылык ийкемдүүлүгүн камсыз кылат. Fitch баалоо боюнча Улуттук фонддун жана алтын-валюта резервдеринин көлөмү өлкөнүн ИДӨнүн 38% жетет деп эсептейт. Буга 8,4% инвестициялык кирешелер жана алтындын баасынын өсүшү оң таасирин тийгизүүдө. Мындан тышкары, талдоочулар Казакстандын транспорт жана кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүүгө багытталган кадамдарын да көңүл сыртында калтырган жок. Бул чаралар өлкөнүн мунай тармагына болгон көз карандылыгын акырындык менен азайтууга жардам берет. Ошондой эле, масштабдуу экинчи даражадагы санкциялардан улам тобокелдиктер салыштырмалуу төмөн экени көрсөтүлдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков