Казакстан инвестициялык саясатты жаңыртат

Казакстан инвестициялык саясатты жаңыртат

Президенттин жылдык кайрылуусу - бул өлкөнүн жакынкы жылга өнүгүү вектору. Касым-Жомарт Токаев негизги милдеттерди аныктады. Мамлекет башчысы инвестицияга өзгөчө көңүл бурду. Касым-Жомарт Токаев жаңы инвестициялык циклди баштоону тапшырды. Инвестициялар чийки зат тармактарына гана эмес, кайра иштетүү өнөр жайына да багытталышы үчүн бардыгы жасалууда. Ошондуктан инвестициялык саясатты кайра карап чыгуу зарыл, деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев. Ал эми жогорку технологияларга инвестиция салгандарга преференциялар каралышы керек. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти: 

- Өкмөт Улуттук банк менен биргеликте экономиканын жогорку технологиялык тармактарына бир миллиард долларга чейин инвестиция салуу программасын иштеп чыгышы керек. Жаңы инвестициялык циклди ийгиликтүү баштоо үчүн экинчи деңгээлдеги банктарды реалдуу секторду каржылоого активдүү тартуу зарыл. 

Бул багыттагы маанилүү кадам банктар тууралуу мыйзам кабыл алуу болот. Ал технологиялык өзгөрүүлөрдү жана экономиканын муктаждыктарын эске алышы керек. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти: 

- Мыйзамда атаандаштыкты күчөтүүнүн жана рынокко жаңы катышуучуларды тартуунун жолдорун, ошондой эле финтехти илгерилетүү жана санариптик активдердин жүгүртүлүшүн либералдаштыруу маселелерин кароо зарыл. 

Каржы системасы да көңүл борборунда. Президент стратегиялык крипторезервди топтоочу Санариптик активдер фондун түзүүгө тапшырма берди. Санариптик теңге да унутта калган жок. Касым-Жомарт Токаев аны мамлекеттик холдингдердин долбоорлорунда жана республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин алкагында колдонууну кеңейтүүгө чакырды. Региондорго инвестиция тартууда атайын экономикалык зоналарга жана социалдык-ишкердик корпорацияларга өзгөчө роль берилет. Мамлекет башчысы алар менен иштөөнү да өзгөртүү зарылдыгын белгиледи. Биринчи учурда башкарууну жеке компаниялардын колуна берүү керек, ал эми социалдык-ишкердик корпорацияларды өнүктүрүү институттарына айландыруу зарыл. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти: 

- Инвестицияларды ийгиликтүү тартуу – бул борбордук эле эмес, жергиликтүү аткаруу органдарынын да биргелешкен ишинин натыйжасы. Бардык акимдердин түздөн-түз жоопкерчилигин бекитүү үчүн Стратегиялык пландоо жана реформалар агенттигинин базасында региондордун инвестициялык жагымдуулук индексин киргизүү зарыл. Бул ишке көз карандысыз серепчилерди тартуу мүмкүн. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков