Инновациялык гранттар сынагына арыздарды кабыл алуу башталат

Инновациялык гранттар сынагына арыздарды кабыл алуу башталат

Казакстанда инновациялык гранттарга арыздар баш оона айынын 1нен тарта кабыл алына баштайт. Ага өндүрүштүн кеңири чөйрөсүнө ээ жана өз өнүмдөрүн экспортко багыттоо сыяктуу негизги критерийлерге жооп берген чакан бизнестин өкүлдөрү катыша алышат. Бул тууралуу “QazInnovations” улуттук агенттигинин өкүлү Данияр Бектенов билдирди. Анын айтымында, сынак шарттуу түрдө эки этапка бөлүнөт. Биринчисинде, катышуучуга 20 миллион теңгеге чейин грант берилет.

Данияр Бектенов, «Qazinnovations»  инновацияларды өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги ак борборунун мүдүрү:

- Эки этап бар. Биринчиси өнүмдү иштеп чыгуу, ал эми экинчиси рынокту толук ишке киргизүү менен мүнөздөлөт. Негизинен беш шарт коюлган. Алгач, бул чакан ишкердик субъектиси болууга тийиш ошондой эле, бекитилген шартта 10% кошумча каржылоого даяр болушу керек. Анын MVPи башкача айтканда, товарыңыздын прототиби үлгүсү болгону жакшы. Кошумчалай кетсек, 5 адамдан ашпаган команда жана тездетүү сертификаты талап кылынат.

Сынакка катышуу үчүн аяк оона айынын ортосуна чейин онлайн арыз тапшыруу керек. Грантты Казакстанда катталган каалаган юридикалык жак ала алат. Эң негизгиси өнүм, өндүрүштүк жараяны  же кызмат көрсөтүү "ноу-хау" принцибине келүүгө тийиш.

Данияр Бектенов, «Qazinnovations»  инновацияларды өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги ак борборунун мүдүрү:

- Өлкөдө альтернативасы жок же мурда өндүрүлбөгөн уникалдуу демилгелер инновация болуп эсептелет. Бул кандайдыр бир жараянга карата ар кандай болушу мүмкүн. Мисалы, ишкерликти башка өңүттөн карап, Казакстанда эч ким аракет кылбаган жаңы бизнес моделин түзсө болот. Же биздин рынокто көп кездешпеген, бирок суроо-талапка ээ боло турган жаңы нерсени чыгаруу. Ошондой эле, импорттук товарларды алмаштыруу долбоору болушу мүмкүн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков