Казакстанда адабият жана искусство ишмерлерине мамлекеттик стипендия тапшырылды

Казакстанда адабият жана искусство ишмерлерине мамлекеттик стипендия тапшырылды

Казакстандын 75 адабият жана искусство ишмери маданият жаатындагы мамлекеттик стипендиянын ээси болушту. Мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин аны Асанали Ашимовго, Илья Жакановго, Бибигүл Төлөгөновага, Нургали Нусипжанга, Төлен Абдикке жана башкаларга тапшырды. Мындан тышкары, жаш таланттарга мамлекеттик колдоо көрсөтүлдү. Алардын катарында Канн кинофестивалынын лауреаты Самал Еслямова, балерина Татьяна Тен, операнын солисти Максат Саматов бар. Белгилей кетсек, жыл сайын дайындалып жаткан стипендия - бул мамлекеттин маданият ишмерлерине көрсөткөн колдоосунун жана камкордугунун күбөсү, ошондой эле атамекендик искусствону дүйнөгө таанытууга салым кошкон казакстандыктарга болгон сый-урматтын белгиси. Мындан тышкары, жаңы идеяларды жана чыгармачыл долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшөт.


Төлен Абдик, Казакстандын Эл жазуучусу:


- Искусство-адамдарды тарбиялайт. Ал моралдык аң-сезимди калыптандырат, адамдык мыкты сапаттарга таасир берет деп айтууга болот. Ошондуктан, ал элге керек. Элдин байлыгы, кайсы бир заводдун өнүмү менен өлчөнбөйт, андан да баалуу көрсөткүч бар-бул жарандардын руханий байлыгы.


Татьяна Тен, «Астана балет» театрынын алдыңкы солисти:


- Биздин Казакстандын маданиятынын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон көрүнүктүү инсандардын арасында болуу мен үчүн чоң сыймык жана мен үчүн бул жогорку сыйлык жетишкендиктер менен токтоп калбастан, маданиятыбыздын өнүгүшүнө да салым кошууга түрткү берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков