Казакстан үстүбүздөгү жылдын 8 айында жалпы баасы 30 миллиард долларга жакын 47,5 миллион тонна мунай экспорттоду. Статистика бюросу тараткан маалыматка караганда, чет мамлекеттерге которулган ата мекендик кара алтындын көлөмү 3% өстү. Казакстандын чийки затынын негизги керектөөчүсү — Италия. Ири сатып алуучуларга Түштүк Корея, Нидерланды жана Кытай кирет. Ошондой эле, Румыния, Франция, Греция, Сингапур, Швейцария жана Израиль да аталган өнүмдү импорттоо көлөмүн көбөйткөндөрү байкалат. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын сегиз айында өлкөдө 50 миллион тоннадан ашык мунай өндүрүлгөн. Жылдын жыйынтыгы боюнча көрсөткүчтү 90 миллион тоннага жеткирүү белгиленген. Бул жаатта экспорт 70 миллион тоннадан ашуусу мүмкүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков