2022-жылдын сегиз айында Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы товар жүгүртүү 369 миллион долларды түздү. Келечекте эки тарап тең бул көрсөткүчтү 1 млрд.ка жеткирүүнү мерчемдеп жатат. Бул максатка жетүү үчүн мамлекеттер өз ара пайдалуу товарларды жана кызматтарды жеткирүүгө дем берүүнү, кызматташуунун жаңы багыттарын жана биргелешкен долбоорлорду чогу даярдоону пландаштырууда. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн тыгыз байланышы транспорт жана логистика, Ортоңку коридор долбоору боюнча кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Казакстандын Азербайжандагы элчиси эки тараптын дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.
Джахит Багджи, Түркиянын Азербайжандагы элчиси:
Казакстан Борбордук Азияда, Кавказда да маанилүү орунду ээлейт. Казакстан өлкөлөргө маанилүү энергетика жана таруу экспорттоочуларынын бири жана Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштарды жаңы деңгээлге чыгарууда да чоң роль ойнойт. Биз Казакстан менен мамилелердин ар тараптуу өнүгүшүн жогору баалайбыз. Биз биринчи кезекте аймакта тынчтык жана стабилдүүлүк болушуна кызыкдарбыз. Эң негизгиси орто коридордогу стратегиялык жайгашуусу. Чыгыштан бардык жолдор Казакстан аркылуу Азербайжан-Түркияга батыш тарапка өтөт. Бул жол аркылуу азык-түлүк, энергетика, мунай жана газ ташылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков